БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бүгүн Чүй облусунун бардык жеринде аталган аймактын Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча башкармалыктын (ЖКККБ) инспекторлору Жолдогу автокырсыктан көз жумгандарды эскерүү боюнча дүйнөлүк датанын алкагында маркумдардын элесине арналган акция өткөрдү. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматтарга таянсак, автокырсыктан дүйнөдө жылына 1 миллион 300 миңге чукул адам каза тапса, 50 миллионго чукул киши жаракат алат. Ал эми Кыргызстанда орто эсеп менен алганда 700гө чукул киши жол кырсыктан өмүрүнөн ажыраса, 9 000-10 000 адам ар кыл жаракаттарды алат. Бул сандар жол кырсыктан мерт болгон адамдардын элесине арналган жана коомчулукту абайлап жүрүүгө чакырган иш-чарада айтылды.
"Саат 09:00дө облустун жолдорунда жүрүп бара жаткан менчик автоунаалар, коомдук транспорт токтоп, автокырсыктан каза тапкандарды бир мүнөткө эскеришти. Бул иш-чара Чүй облустук ЖКККБнын демилгеси менен өттү", — деп айтылган маалыматта.
Аталган дата Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын резлюциясы менен кабыл алынган.
Жыл сайын ноябрдын үчүнчү жумасында дүйнөлүк масштабда жолдогу автокырсыктан мерт кеткендер эскерилет. Быйыл бул күн 21-ноябрга туш келди.
Бул иш-чаранын максаты — адамзаттын көңүлүн автокырсыктан каза болгондорду эскерүүгө, алардын артында калган бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтууга буруу. Андан сырткары, жолдо жүрүү коопсуздугу өтө маанилүү экендигин жалпы адамдарга эскертүү.