БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьерлер жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери менен мини-футбол ойногон.
Анын видеосу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналына жарыяланган.
Спорттук "таймаш" Ашхабаддагы олимпиада шаарчасында өткөн. Оюндун алдында түркмөн лидеринин дене боюн жибитип, бир нече көнүгүүнү жасап жатканын көрүүгө болот.
"Биздин урматтуу Аркадаг эртең менен эрте, адаттагы калыбынан жазбай, олимпиада шаарчасында эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн жасады. Андан сырткары, спорттун бир нече түрү менен да машыкты", — деп билдиришкен телеканалдан.
Бир жума мурда Бердымухамедов министрлер менен түркмөнбашы атындагы спорттук комплексте футбол ойногон. Маалыматта "беттештин" алдында медициналык кароодон өтүп, колдорун антисептик менен да тазалаганы айтылган.