Ош: он айда автокырсык 102 кишинин өмүрүн алып кеткен

2021-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде 1 157 жаран жолдогу автокырсыктын кесепетинен ар кыл жаракат алган.
Sputnik
ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Ош облусунун аймагында 2021-жылдын он айында 660 автокырсык катталып, анын кесепетинен 102 жаран көз жумган. Бул туурасында автокырсыктан көз жумгандарды эскерүү боюнча дүйнөлүк датанын алкагында маркумдардын элесине арналган эскерүү учурунда Ош аймактык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери билдиришти.
Бул мезгил ичинде 1 157 жаран жолдогу автокырсыктын кесепетинен ар кыл жаракат алган.
Бишкекте жол кырсыгынан ажал тапкан балдарды эскерүү акциясы өттү. Видео
Иш-чарага Бишкек — Ош эл аралык маанидеги автожолунун боюнда жайгашкан айылдардын тургундары, дин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун Мады, Отуз-Адыр жана Алай районунун Жаңы-Алай аймагынын айыл башчылары келген. Андан сырткары, Ош облустук билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жол кыймылынын жаш инспекторлору, облустук казыяттын өкүлдөрү жана ЖККК кызматкерлери катышкан.
Чыгып сүйлөгөндөр жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен жер-жерлерде жарандар арасында жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышкан. Иш-чара убагында инспекторлор айдоочуларга жол эрежелерин сактоо багытында атайын китепчелерди тараткан.
Бүгүн Кыргызстандын бир нече аймагында жол кырсыктан көз жумгандарды эскерүү жана кырсыктын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар өттү.