Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 21-ноябрь, жекшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, Теңир-Тоодо +2...+7 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +11...+13 градуска көтөрүлөт.