"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына уулу анын балдарын карагысы келбеген аялдын үстүнө киргени жатканын угуп беймаза болгон апанын каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы? Анча-мынча нерсени эч кимдин кеңеши жок өзүм эле чечип койчу элем, мында эмне кылышты билбей калдым. Беш балам бар, эки кыз, үч эркек. Баары үйлөнүп жайланган, кудайга шүгүр. Бирок үч жыл мурда кичүү баламдын келинчеги кырсыктап каза болуп, уулум, үч неберем жалгыз калды. Кайсы балаң кыйналса ошонун жанында болуп калат экенсиң, үч неберемди өзүм багып дайыма алардын жанындамын. Атасы иштейт. Келиним ченебеген адам болчу. Балдарынын улуусу 7-класста окуйт, кичүүсү 5те. Апасын сагынып куса болуп жүрүшөт. Бирок өлгөн адамды кайра кайрып келе албайт экенсиң, ошолорго энесин жоктотпоюн деп болгон аракетти көрүп жатам. Бирок жаш өтүп калгандан кийин канча жашарыбызды билбейбиз, уулума жакшы кыз чыкса үйлөнүп алсаң боло, балдарыңа эне болсун деп айткам. Башында көңүлдөнбөй жүргөн. Кийин унчукпай эле калды. Көрсө, жарым жылдан бери өзүнөн 3-4 жаш улуу балалуу аял менен сүйлөшүп жүрүптүр. Аны жакында эле айтты. Сүйлөшсө, өзүнө жакса, ага үйлөнсө деле мейли эле. Мени кейиткени ал аял балама шарт коюп жатыптыр. Уулумдун балдарын карабайт экен, өзүнчө туруп, ошонун балдары менен болушат экен. Мындайча айтканда, балам анын үстүнө киргени жатат. Балдарына күйүмдүү эле, эмне болуп ал аялдын айтканына макул болгонун билбейм. Жакын арада үйлөнүп кетем дейт. Тиги аял башын айлантып алганбы, эмне кылганын билбейм. Балдарым деле аны менен сүйлөштү, эч кимдин сөзүн укпай койду. Неберелериме жакшыраак эне табылып, өздөрү менен өздөрү болсо, өлсөм да тынч өлөт элем, эми эмне кылышты билбей башым маң. Уулума "ушундай чечтиңби" десем "ооба" деди. Каршы чыгайын десем анын жалгыз жүргөнүн көрүү мен үчүн да кыйын. Тиги аялды мейли ала берсин дейин десем "эмитен бөлүнүп жашаса, неберелериме кандай эне болот" деп сарсанаамын. Эмне кылышты билбей жатам. Унчукпай да жата албайм, таптакыр бут да тосо албайм. Ошол себептен аргасыздан психологго кайрылып көрүүнү чечтим.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Үй-бүлө курарда ар бир адам өзү чечим кабыл алып, жактырган жана өзүн түшүнгөн адам менен баш кошууга белсенет. Бир жагынан уулуңуз үйлөнүп жатканына кубанып, экинчиден, келиниңиз "балдарды бакпайм" деп жатканына нааразы болуп жатыпсыз. Ал келиндин балдарды баккысы келбегендигин өзүңүз уктуңузбу же айтыштыбы?
Мүмкүн жөн гана уулуңуз сизге ишенип, балдарым чоң энесинин мээримине бөлөнүп, энем менен бирге болушсун деп жаткандыр. Негизи бирөөнүн баласына камкор болуу абдан кыйын. Бала менен өгөй эненин ортосунда эмоционалдык байланыш дароо эле түзүлүп кетпейт. Ага убакыт керек. Бизде "өгөй эне балдарга жаман мамиле жасайт" деген түшүнүк бар. Ал сөздү балдар угуп калса, такыр эле артын салып калат.
Сиз "ушинтип эле балдарын таштап кетип калабы" деп уулуңуздан кооптонуп жатасыз. Кичинесинен эле бала менен атанын ортосунда эмоционалдык байланыш бекем түзүлүп калса, ал эч качан таштай албайт. Балким, сизге ишенип жаткандыр. Аялынын үстүнө кирип алганда деле анын балдарын көрүп, өзүнүкүнө салыштырып, аялы менен кайра кайтып келиши мүмкүн экендигин да ойлошуңуз керек. Сиз болочоктогу келиниңизге болгон оюңузду дагы бир сыйра анализдеп көрүңүз. Мүмкүн аны негатив менен кабыл алып жаткандырсыз. Уулуңуз жаш кыз алган күндө деле ал да балалуу болот. Аны да ойлошуңуз керек. Албетте, биологиялык энеге жетпейт, бирок, тилекке каршы, өз энеси жок болгондон кийин балдар баары бир өгөй энелүү болот. Андан көрө сиз балдарды атасынан алыстатпоого аракет кылыңыз. Кеңеш берип, туура жакка үндөп турсаңыз баары жакшы болот деген ойдомун.
Сиз катыңыздын башында маселенин баарын өзүм чеччүмүн дедиңиз. Баарын өзүңүз чечип жүрүп, уулуңуздун өзү чыгарган чечимине көнө албай жаткан жоксузбу?
Эгер дагы кеңеш керек болсо психолог менен көзмө-көз сүйлөшүп көрсөңүз болот. Кыскасы, баарын дагы бир сыйра акыл калчап ойлонуп көрүңүз.