Ошто МГУ филиалынын имараты курулуп бүттү. Сүрөттөр

Окуу жайдын имаратынын курулуш иштери 2019-жылдын соңунда башталган. Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты, чет тилдери окутулат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалынын беш кабаттуу имаратынын курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу ОшМУнун проректору Тажимамат Эркебаев кабарлады.
Ош шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалынын беш кабаттуу имаратынын курулуш иштери аяктады
Анын билдиришинче, аталган окуу жайдын имараты аны салган курулуш компаниясынан азырынча өткөрүлүп алына элек.
“Имаратты кабыл алууга МГУнун өкүлдөрү катышуусу керек. Себеби бул окуу жай Москва мамлекеттик университетинин филиалы”, — деди ал.
Эркебаев кошумчалагандай, калаадагы Абсамат Масалиев проспектисине салынган имарат жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.
Эске сала кетсек, аталган окуу жайдын имаратынын курулуш иштери 2019-жылдын соңунда башталган. Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты, чет тилдери окутулат.
Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу 2019-жылы жаз айларында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.
Буга чейин Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий окуу жайдын Кыргызстанда ачылчу филиалына тапшыруу жана анда билим алуу тууралуу видео жыйын учурунда айтып берген.
"Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" музей комплекстерине 6 млн. доллар бөлүндү
Анын айтымында, окууга кирүү үчүн тапшырылган сынактын жыйынтыгын текшерүү үчүн Москвага жөнөтүлөт жана МГУ филиалда окугандардан эч кандай акы албайт. Бардык орун бюджеттик болот деп пландалууда.
Студенттер МГУнун программасы менен биздин окутуучулардын жетекчилиги алдында билим алат.
Ал ошондой эле биринчи жылы план боюнча 60-90 абитуриентти кабыл алуу пландалып жатканын белгиледи. Кийинки жылы эки эсеге көбөймөкчү. Студенттерди Москвадан келген жүзгө жакын адис окутат.