Коронавирустан кийин кайсы азыктарды көп жеш керек? Дарыгердин кеңеши

Медик суу ичүү режимин да жөнгө салуу керектигин эскертип, суткасына 1,5-2 литр туура болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккан адам тамактануу рационуна курамында белогу көп азыктарды кошушу керек. Бул тууралуу РИА Новостиге терапевт, инфекционист Фаллахи Нуржахан билдирген.
"Толук кандуу тамактаныш керек. Башкача айтканда, суткасына 5-6 жолу тамак жеген оң. Анын ичинде сөзсүз тоок, үндүк, уй эти, быштак, жумуртка болушу шарт. Деңиз балыгы, жаңгактын түрү пайдалуу майга бай келет. Мындан сырткары, прибиотик болуп эсептелген кычкыл-сүт азыктары, ачытылган капуста дагы пайдалуу", — деди дарыгер.
Дарыгер коронавирус жуктурганда кандай дарыларды ичүүгө болбой турганын айтты
Медик суу ичүү режимин да жөнгө салуу керектигин эскертип, суткасына 1,5-2 литр ичсе боло турганын белгилеген.
Лаборант-изилдөөчү Варвара Рябкова коронавирус менен ооругандан кийин бир сыйра дарыгерге көрүнүп коюуну сунуштаган. Өзгөчө кан басымды, өпкөнү текшертип, кан, заарага анализ тапшырып коюу ашыкча болбой турганы айтылды.