БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ушул тапта Бишкектин эч бир жеринде газ чыккан жок, бардык объектилер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Шаардыктардан газдын жыты чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен жерине ыкчам топ барып иштей баштаган. Абада метан табылган жок. Авариялык кызматтар газ түтүктөрүндөгү газдын басымын күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Эч жерден газ чыккан жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жана башка аймактарында газ жыттанып жатканын шаар тургундары кабарлашкан. Ал эми мэриядан Бишкектин шаардык кызматтары мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте Свердлов районунун аймагында эмне себептен газ жыттанып жатканын иликтеп жатканын айтышкан.