БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жон Хопкинс университетинин илимпоздору D витамининин аз болушу инсульт илдетине алып келерин айтып чыгышты. Бул тууралуу Express гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистердин пикиринде, бул витамин адамдын организминде өтө чоң роль ойноп, иммунитеттен тарта сөөктөрдүн метаболизмине чейин жөнгө салып турат.
"D витамини жүрөк жана кан тамырлардын жакшы иштешин камсыздайт. Андыктан ал аз болуп калса, жүрөк кемтиги же кан тамырларга байланыштуу оорулар пайда болот", — деп айтылат кабарда.
Аны жайкысын организм күндөн алат. Ал эми кышында балыктан, жумурткадан, уйдун боорунан жана айрандан алууга болот. Ошондой эле дарыгердин кеңеши менен препараттар сунушталат.