БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектин шаардык кызматтары мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте Свердлов районунун аймагында эмне себептен газ жыттанып жатканын иликтөөдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Буга чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жана башка аймактарында газ жыттанып жатканын шаар тургундары кабарлашкан.
"Газпром" ААКсынын текшерүүлөрү учурунда газдын чыгып жатканы аныкталган жок. Бирок шаар тургундарынан жыт тууралуу маалыматтар дагы деле түшүп жаткандыктан, Бишкектин шаардык кызматтары мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте Свердлов районунун аймагында эмне себептен газ жыттанып жатканын иликтөөдө”, — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Муниципалитет бул нерсе айлана-чөйрөгө жана тургундарга коркунуч жаратпай турганын айтууда.
Ал ортодо "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын маалымат кызматы газдын жыты чыгып жатат деген аймактарда атайын аппараттын жардамы менен текшерүүлөр жүргөнүн билдирди.
"Абада метандын белгилери табылган жок”, — деди маалымат кызматтан.
Бүгүн, 20-ноябрь күнү, газ чыгып жатат делген жерлерге эпидемиологиялык көзөмөл кызматы, мэрия, ӨКМ, “Бишкек суу каналы" жана “Газпром Кыргызстан" мекемелеринин өкүлдөрү барышат.