Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер

Кыргызстандын президенти Казанда Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну сунуштаса, Минниханов жазуучунун эстелигин коюу алар үчүн чоң сыймык болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекке иш сапары менен келген Татарстандын президенти Рустам Минниханов (Россия) менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекке иш сапары менен келген Татарстандын президенти Рустам Минниханов (Россия) менен жолукту
2 / 3
Анда тараптар эки жакты кызыктырган бардык тармактардагы кыргыз-татар кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашкан
3 / 3
Садыр Жапаров бул жылы Кыргызстан менен Татарстан жигердүү иштешкенин айтып, ага Казанда жана Бишкекте өткөн кыргыз-татар бизнес-форумун мисал келтирди. Татарстан президентинин сапарынын алкагында быйыл кыргыз-татар бизнес-форуму үчүнчү ирет өтүүдө.
Анда тараптар эки жакты кызыктырган бардык тармактардагы кыргыз-татар кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашкан.
Садыр Жапаров бул жылы Кыргызстан менен Татарстан жигердүү иштешкенин айтып, ага Казанда жана Бишкекте өткөн кыргыз-татар бизнес-форумун мисал келтирди. Татарстан президентинин сапарынын алкагында быйыл кыргыз-татар бизнес-форуму үчүнчү ирет өтүүдө.
"Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу тууралуу чечимдин кабыл алынышын кубаныч менен белгилейбиз", — деди Кыргызстан президенти.
Баарлашуунун жүрүшүндө ал татарстандык компаниялардын энергетика жана тоо-кен тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле кыргыз тараптын өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө, санариптештирүү, экология жаатында тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Минниханов Бишкектеги маданий жайларды кыдырды. Сүрөт
Жапаров кыргыз тараптын бир катар демилгелерин, анын ичинде Казань шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну кароону сунуштаган. Өз кезегинде Минниханов акыркы мезгилде эки тараптуу байланыштар активдешип жатканын белгилеп, Татарстан Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин кошумчалаган.
"Минниханов Чыңгыз Айтматов планетардык масштабдагы инсан экенин жана жазуучунун эстелигин орнотуу алар үчүн чоң сыймык болорун белгиледи", — деп жазылат билдирмеде.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү диалогго кызмат кылат деген ишенимин билдиришкени айтылды.