УКМК "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына үгүт жүргүзгөн чиновникти аныктады

Үгүт иштери боюнча материалдар жергиликтүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. Базар-Коргон райондук милициясы бул фактыны 2021-жылдын 10-ноябрында каттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын талапкерине жергиликтүү чиновник үгүт иштерин жүргүзгөн факты аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта атайын кызматтын өкүлдөрү 10-ноябрда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы С.А.О. "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан М.Т.А. аттуу талапкердин пайдасына үгүт иштерин жүргүзгөн факты аныктаганы айтылат.
Бул факты тиешелүү чараларды көрүү максатында Базар-Коргон районунун милициясына материалдар өткөрүп берилген. Базар-Коргон райондук милициясы бул фактыны 2021-жылдын 10-ноябрында каттаган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында С.А.О. тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган, бирок Жоруктар кодекси боюнча текшерүү аракеттери токтотулган. Базар-Коргон районунун акими "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына катуу сөгүш жарыялаган", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
УКМК алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоону укуктук талаанын алкагында өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгилеген.