Кыргызстан менен Татарстан мигранттарды окутуу боюнча кызматташат

Министр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Казань федералдык университети (КФУ) мигранттарды окутуу жана жумушка орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, министр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке ылайык, эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушка орноштуруу боюнча иштер аткарылат.
"Биздин маалыматтар боюнча, Татарстанда 25-30 миңге чукул кыргызстандык жашайт. Келишим эки тараптуу кызматташууну кеңейтет. Татарстандагы кыргызстандыктар Россиянын ушул субъектисинде керектүү болгон адистикке ээ боло алышат", — деди Базарбаев.
Гафуров КФУ орус тилин чет тил катары үйрөтүүгө уруксат берилген 14 федералдык окуу жайдын катарын толуктай турганын, каалоочулар тил жагынан да билим алса болорун белгилеген.