Ташиев УКМКнын Өзгөндөгү бөлүмүн ачып пинг-понг ойноду. Сүрөт

Коопсуздук комитетинин башчысы шайлоо темасына кайрылып, аймактардагы бөлүмдөрдү жаңылоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Оштун Өзгөн районунда Улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн жаңы курулган имараты расмий ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Имарат бардык зарыл техника менен жабдылган, иштөө шарттары да талапка ылайыктуу экени айтылат.
1 / 4
Оштун Өзгөн районунда Улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн жаңы курулган имараты расмий ачылды.
2 / 4
Имарат бардык зарыл техника менен жабдылган, иштөө шарттары да талапка ылайыктуу экени айтылат.
3 / 4
Ачылыш салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын ардагерлери, өздүк курам жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
4 / 4
УКМКнын башчысы белгилегендей, ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылат.
Ачылыш салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын ардагерлери, өздүк курам жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ташиев аземде сүйлөп жатып алдыда боло турган шайлоо темасына кайрылды. Тактап айтканда, мыйзам үстөмдүгүн жана бардык партиялар үчүн бирдей укуктук шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүнө кийлигишпөөсүн эскертти.
УКМКнын башчысы белгилегендей, ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылат.
Ташиев жаңы ачылган имаратты карап чыгып, пинг-понг ойноду.