БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Талас облусунда болгон катуу шамал Манас районуна 1 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келди. Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясынын эсебине таянып ӨКМден билдирди.
Эске салсак, 17-ноябрь күнү саат 14:00дөр чамасында ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал башталып, бир катар социалдык мекемелердин чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле бак басып калган 46 жаштагы тургун каза болгон.
"Манас районунда мектеп, мечит, автоунаа өткөрмө бекети, ФАП сыяктуу социалдык мекемелердин чатырлары талкаланган. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, жалпы материалдык чыгым 1 036 188 сомду түзгөнү аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушундай эле шамал Кара-Буура районунда болуп, ал жерде дагы бир катар имараттар чатырсыз калды. Чыгымды тактоо иштери бүгүн да улантылмакчы.