Мишустин: эффективдүү дарылар ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткиликтүү болушу керек

Премьер-министрдин айтымында, россиялык препараттардын жогорку сапаты далилденип, союздаш өлкөлөргө жеткирилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин коопсуз жана эффективдүү дары-дармектер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болушу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биздин өлкөлөрдүн аймагында стратегиялык маанилүү препараттардын чыгышын камсыздаш керек... Коопсуз жана эффективдүү дарылар беш мамлекеттин жарандарына бирдей жеткиликтүү болушу керек", — деди Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында.
Анын айтымында, жакынкы үч жылда аткарыла турган иш-чаралардын планы бекитилет.
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
Премьер-министр коронавируска каршы жамааттык иммунитетке жетүү үчүн вакцинация массалык түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Россиялык препараттардын жогорку сапаты далилденип, союздаш өлкөлөргө жеткирилди. Вакцинаны өндүрүүнү жолго коюуга колдоо көрсөтүп, өнөктөштөр менен тажрыйба бөлүшүүнү улантабыз", — деди Мишустин.
Евразия өкмөттөр аралык жыйыны бүгүн Ереванда өтүп жатат. Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.