Минниханов Бишкектеги маданий жайларды кыдырды. Сүрөт

Ардактуу конок мамлекеттик катчы Касмамбетов менен бирге реконструкциядан кийин ачылган Тарых музейин дагы көрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 19-ноябрда, мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов Бишкек шаарындагы маданий жана билим берүү жайларына барышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Бүгүн, 19-ноябрда, мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов Бишкек шаарындагы маданий жана билим берүү жайларына барышты
2 / 3
Ардактуу конок мамлекеттик катчы Касмамбетов менен бирге реконструкциядан кийин ачылган Тарых музейине, андан соң Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты
3 / 3
Анда меймандар жазуучунун кол жазмалары жана иш бөлмөсү менен таанышып, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу пикир алмашышты.
Минниханов Кыргызстандагы Казань (Приволжский) федералдык университетинин Билим берүүнү өнүктүрүү борборунда болду. 2021-жылы түзүлгөн борбордун иши Казань федералдык университети менен Кыргызстандын илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Борбордо аудиториялык жана лабораториялык фонд бар.
Ардактуу конок мамлекеттик катчы Касмамбетов менен бирге реконструкциядан кийин ачылган Тарых музейине, андан соң Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Анда меймандар жазуучунун кол жазмалары жана иш бөлмөсү менен таанышып, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу пикир алмашышты.