Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болот? Календарь

Жаңы жылда кыргызстандыктарды 14 майрамдык күн күтүп турат. Анын ичинде Орозо жана Курман айт бар. Ошондой эле дем алыш күндөргө туура келе турган эки майрам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти.
Анда иш жана дем алыш күндөр, ошондой эле майрамдар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 2022-жылдагы иш күнү алты күн иштегендер үчүн дагы, беш күн иштегендер үчүн дагы бекитилди.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти
Майрам күндөр:
Министрлик эгер майрам күндөр дем алыш күндөргө туура келип калса, кийинки күн дем алыш катары эсептелерин эскертти
Мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт айга карап аныкталат. Бул күндөр дагы майрам катары эсептелет.
Депутаттыкка талапкерлер качан каттоодон өтөт? Шайлоо этаптарынын календары
Министрлик эгер майрам күндөр дем алыш күндөргө туура келип калса, кийинки күн дем алыш катары эсептелерин эскертти.
Мында Жаңы жыл (январь) ишембиге туура келгендиктен, 3-январь (дүйшөмбү) дем алыш күн болот. Бул беш күндүк жумушчу күн менен иштегендерге тийиштүү. 1-Май майрамы (жекшемби) 2-майга (дүйшөмбү) жылат.
Дем алыш күндөрүн рационалдуу колдонуу үчүн министрлер кабинети өзүнүн токтому менен майрамдык дем алыш күндөрдү жылдыра алат.
Майрам алдындагы кыскартылган күндөр: 6-январь, 22-февраль, 7-март, 6-апрель, 4-май, 30-август.