COVID-19 вирусу заара бөлүп чыгаруу, жыныс органдарынын системасынын бузулушуна алып келет. Мындай маалыматты Жуман Мырзалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бөйрөктүн заара алмаштыруусунда уулуу заттардан арылтуу ишинде коронавирустун терс таасири байкалууда.
"Коронавирус адамдын айрым маанилүү органдарынын ишине терс таасирин берип жатат. Маселен, вирус өпкөдөн баштаса борбордук нерв системасынын бузулушуна чейин таасирин тийгизет. Мындан улам адамдын эс тутумунун начарлашына себеп болууда. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр жана башка өнөкөт ооруларды күчөтөт. Ал эми урологияда заара бөлүп чыгаруу, жыныс органдарынын системасын жабыркатат. Бөйрөктүн заара алмаштыруу системасын уулуу заттардан арылтуу ишин начарлатат. Мунун натыйжасында гемодиализге дуушар кыла турган оорулардын саны кескин көбөйөт", — деди Мырзалиев.
Ошондой эле дарыгер учурда жаштар арасында вирус жуктуруп, тукумсуздукка дуушар болуп жаткандар да көбөйгөнүн кошумчалады.