Бишкекте инспекторду сүйрөп кеткен таксист камакка алынды

Камалган айдоочу 31 жашта экени айтылды. Ал милиционердин талабын аткарбай койгон. Инспектор жаракат алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен таксист камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин күбөлөр бишкектик айдоочу инспекторду капотуна сүйрөп кеткен окуянын видеосун жөнөтүшкөн. Милиционер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБге жеткирилген. Окуя кечээ, 18-ноябрда, Горький көчөсүндө болгон.
Маалым болгондой, айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. РИИБ таксист жол эрежесин бузгандыктан инспектор аны токтотууга аракет кылганын билдирген. Бирок айдоочу талапты аткарбай милиционерди капотуна сүйрөп кеткен. Шектелип жаткан адам 31 жашта. Учурда анын Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында экени кошумчаланды.