Адамзатты таң калтырган жапайы табият. Тандамал 13 сүрөт

European Wildlife Photographer of the Year сынагынын мыкты деп табылган бир нече сүрөтү жарыяланды. Аларды карап эле тургуң келет.
Sputnik
Немец коому European Wildlife Photographer of the Year 2021 деп аталган сынактын негизинде табият сүрөттөрүн мыкты тарткандарды жарыялады. Биринчи орун испаниялык Анхель Фиторго "Медузалар балети" үчүн берилди. Автор мындай идея алты жыл мурда жаралгандыгын айтып берди. Жапайы жаратылыштын адам байкай бербеген сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстандын топтомунан көрсөңүз болот.
 
1 / 13
Калыстар тобу Анхель Фиторго "Медузалар балети" үчүн "Мыкты автор" деген наам ыйгарды. Сүрөтчү мындай идея алты жыл мурда жаралгандыгын айтып берди. Кадрдан суунун үстүндөгү 11 медузаны көрүүгө болот.
2 / 13
Британиялык фотограф Дэнни Гриндин After the rain ( "Жаандан кийин") эмгеги да алдыңкы орунга татыды
3 / 13
Арктикага багыт алган каздар жазында Норвегияга миңдеп уя салат ( Шпицберген аралы). Норвегиялык Терье Колаастын "Канаттуулардын жер которушу" деп аталган сүрөтү.
4 / 13
Сүрөт "Жазгы ырчы" деп аталат. Автор Андрес Луис Домингес Бланко "14 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн эмгеги" категориясында мыкты деп тандалган.
5 / 13
Пейзаж. "Өмүр дарагы". Автор — фотограф Анетт Моссбахер.
6 / 13
Жер үстүнүн 71 пайызы суу менен капталган. Океандар, деңиздер, дарыялар жашоонун көркү. "Суу алдындагы дүйнө" категориясында Фабриса Гериндин эмгеги мыкты деп тандалды.
7 / 13
Уганда. Чегирткеден нсенене деп аталган тамакты жасап жаткан адам. Аны тазалап, жууп, башка эмес, өзүнүн майына кууруп, туз сээп, пияз кошуп коет.
8 / 13
Тобиас Рихтердин "Бубак" деп аталган эмгеги
9 / 13
Франциянын Альп тоолорундагы тоо эчкилер. Сүрөт жайында тартылган.
10 / 13
Испан сүрөтчүсү Франсис де Андренин "Босс" деп аталган эмгеги
11 / 13
"Башкы жаныбарлар" категориясындагы мыкты эмгек. Буга сойлогон, учкан жаныбарлардын, чымын-чиркейлердин, жөргөмүштөрдүн ж.б. сүрөттөрү киргизилген.
12 / 13
"Адам жана жаратылышка" дайвер Магну Лундгрендин мыкты эмгектери киргизилген
13 / 13
Фин фотографы Лассе Куркеланын "Сибирь таранчысынын канат күүлөшү" 15-17 жаштагы сүрөтчүлөрдүн жараткан эмгектеринин арасында мыкты деп табылды