4-5 бөлмөлүү үйдө жашаган бүлө кадимки лампанын ордуна диоддук лампаларды колдонуп, айына электр энергиясына болгон төлөмдөн 60-70 сом үнөмдөп калса болот Бул тууралуу Алмаз Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдо энергетиканы колдонуу маданиятын өнүктүрүү зарыл.
"Биздин коомдо электр энергиясын, таза сууну, деги эле күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарды сарамжалдуу колдонуу маданияты өнүгө элек. Баягы көнүп калган советтик доордогу кененчилик учурундай эле күн кечирип келебиз. Бирок ошондо деле ата-энелерибиз электр энергиясын абдан үнөмдүү колдонушкан. Азыркы рыноктук мезгилде үнөмдөп убара болбой деле сарамжалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, үйдө арзанына качырып кадимки лампаларды иштетпей, диоддук лампа алсак 4-5 бөлмөдөн айына 60-70 сом үй-бүлөлүк бюджетте калат. Бирок бул биздин абоненттер үчүн шыктандыруучу фактор болуп бере албайт экен. Мындан да чоң сумма болсо, балким, кызыгат беле. Ошол эле учурда лампадан сырткары электр мештерин диаметрине карап казан асуу, электр чайнигине керек эле сууну куюп кайнатуу, үйдүн шыбын, полун, эшик, терезесин керектүү өлчөмдө жылуулап андан соң гана жылыткыч колдонуу сыяктуу жөнөкөй эле эрежелер менен электр энергиясына төлөнүп жаткан акчабызды азайтсак болот", — деди Мадалбеков.
Адис сарамжалдуу жашоо образын жайылтуу зарылдыгы өлкөдө курч маселе экенин кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрүңүз: