Дүлөй болосуң! Дарыгер кулакчынды канча убакыт тагынуу туура экенин айтты

Адис кулакчындан чыккан үн мотоцикл жүрүп баратканда же рок-концертте чыккан катуу добушка барабар экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кулакчын колдонуунун коопсуз убактысы күнүнө 15-30 мүнөттү түзөт. Бул туурасында BestDoctor компаниясынын медициналык аналитиги Полина Козлова "Газета.Ru" сайтына билдирген.
Анын айтымында, узак убакытка кулакчын менен музыканын үнүн бийик чыгарып уккан адамдын угуусу начарлашы мүмкүн.
"Аз убакытка колдонуу анча таасир этпейт, бирок тынымсыз катуу үндү уга берүү менен угуу жөндөмүн жоготуп алышы ыктымал. Буга байланыштуу күнүнө 15-30 мүнөт гана жетиштүү, ал коопсуз убакыт болуп саналат", — деди Козлова.
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
Ошондой эле ал адамдын угуу аппараты интенсивдүүлүгү 80-85 децибелге чейинки добушту зыянсыз кабыл аларын белгиледи. Ал эми кулакчындын үн толкунунун интенсивдүүлүгү 110 децибелге чейин жетип, мотоцикл жүрүп баратканда же рок-концертте чыккан катуу үнгө барабар болорун эскертти.
"Мындай катуу үндөр угуу аппаратынан мээге импульс өткөрүп бере турган клеткаларды жабыркатат", — деп эскертти дарыгер.
Мындан сырткары, ал кулакчынды кулактын ичине чейин киргизип алып уккандар тарсылдагын жарып алуу кооптуулугу бар экенин айтты.