COVID статистикасы: 60 кишиге вирус жугуп, үч бейтап көз жумду

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 727ге жетти. Анын ичинен 177 289 адам дартты жеңип, 2 718 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 60 адамдан коронавирус табылып, 89 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Министрлик: вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок
Азыркы тапта стационарда 538, ал эми амбулатордук шартта 650 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Өткөн суткада эмдөөдөн 10 836 киши өттү, анын ичинен 5 117си биринчи дозаны, 5 719 адам экинчи компонентти алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 061 133кө жетти (экинчи доза 842 471 адам).