Бишкектин жолдоруна "коопсуздук аралын" орнотуу сунушталууда. Сүрөт

Ведомствонун маалыматына караганда, "аралдар" — жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн эффективдүү конструкция.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкектин жөө адамдар өтө турган чийиндерин "коопсуздук аралы" менен жабдууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкектин жөө адамдар өтө турган чийиндерин "коопсуздук аралы" менен жабдууну сунуштап жатат
2 / 4
Билдирүүдө "аралдар" жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн эффективдүү конструкция экени айтылат
3 / 4
Өнүккөн өлкөлөрдө мындай элементтер милдеттүү түрдө орнотулары белгиленди
4 / 4
2019-жылы Бишкек шаардык кеңешинин талабы менен жолдун кесилиштеринде ушундай "аралдар" пайда болгон. Эми долбоорду бардык жөө адамдар өтө турган жерлерде ишке ашыруу сунушталып жатат.
Билдирүүдө "аралдар" жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн эффективдүү конструкция экени айтылат.
"Конструкция адам өлүмү менен коштолуп жаткан кырсыктарды алдын алат. Себеби, айдоочулар "коопсуз аралга" жакындаганда ылдамдыкты төмөндөтүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле "аралдар" зебраны экиге бөлүп тургандыктан жөө адамдар сапарын улоо үчүн ыңгайлуу учур келгенче коопсуз жерде күтүп тура алышат. Мындан тышкары, бул демилгенин арты менен жол жана эскертүүчү белгилерди орнотуу үчүн кошумча жер пайда болот", — деп айтылат маалыматта.
Өнүккөн өлкөлөрдө мындай элементтер милдеттүү түрдө орнотулары белгиленди.
2019-жылы Бишкек шаардык кеңешинин талабы менен жолдун кесилиштеринде ушундай "аралдар" пайда болгон. Эми долбоорду бардык жөө адамдар өтө турган жерлерде ишке ашыруу сунушталып жатат.