Кыргызстанга автоунааларды кайсы өлкөлөрдөн алып келишет? Тизме

Өлкөгө көлүктөр көбүнчө Россия, Түштүк Кореядан импорттолот. Тизмеден Австралия, Мексиканы да көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 2021-жылдын январь айынан бери Кыргызстанга сырттан 8 646 автоунаа кирген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдады.
Автоунаалар 25 мамлекеттен алып келинген. Анын ичинде Австралия жана Мексика да бар.
Көбүнчө автоунаалар Россия, Түштүк Корея жана Грузиядан импорттолгон.
Белгилей кетсек, бул жылы импорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла кыскарган. Анда өлкөгө 22,4 миңден көп автоунаа алып келинген.