Жети-Өгүздө унаа аласалып кетип, бир аял көз жумду

Кырсык кечээ кечинде Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунда болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, эркек киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша кечээ, 17-ноябрда, саат 19:00дөр чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда болгон. Анда Audi 80 автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган кишини Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.