ЖАМК делегациясы Россиядагы түзөтүү мекемелеринде болуп, форумга катышат

Делегация курамындагы адистер абактан чыккандарды коомго аралаштыруу, түзөтүү мекемелеринде зордук-зомбулук, экстремизмди алдын алуу маселелерин да талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Москва шаарында КР менен РФтин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери Аскат Эгембердиев жана Александр Калашников кызматташууну талкуулап, өз ара иштешүү боюнча 2022-2023-жылдардагы программага кол коюшту.
Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук катчыларынын жыйынына Иманкулов катышты
Маалымат кызматы эки тарап 2011-жылы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлгандан бери кызматташып келе жаткандыгын кошумчалады.
Иш сапардын алкагында кыргызстандык жаза аткаруу тутумунун делегациясы Рязань шаарында өтө турган эл аралык пенитенциардык форумга катышып, Волгоград облусундагы бир катар түзөтүү мекемелеринде болору айтылды.