Жалал-Абад: мектеп, соцобъектилер альтернативдүү жылытуу тутумдарына кошулууда

Облус аймагында күз-кыш мезгилинде элди электр энергиясы менен камсыздоонун абалы, аны колдонууда киргизилген чектөөлөр талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев жана "Жалал-Абад электр" ишканасынын жетекчиси Азамат Паизов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда облус аймагында күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыздоонун абалы, аны колдонууда кубаттуулукка киргизилген чектөөлөр боюнча сөз болгон.
"Облус башчысы тармакта жаралып жаткан тартыштыктан улам электр энергиясын рационалдуу пайдалануу зарылдыгын айтты. Бул багытта облуста мектеп жана башка социалдык объектилерди альтернативдүү жылытуу тутумдарына кошуу иштери уланып жатканын белгиледи. Абалдан чыгуу багытында аймактарда жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлө турганын кошумчалады", — деп жазылган билдирмеде.
Жолугушууда алдыдагы жылдары облус аймагында сууну натыйжалуу пайдалануу менен бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча пландар бар экени белгиленген.