Пресс-борбор

ВИЧ жуктурган балдар жогорку окуу жайларда акысыз билим алышы мүмкүн

Султангазиев Билим берүү жана илим министрлигинде майыптыгы бар жана алыскы аймактардан келген балдар үчүн акысыз окууга квота бар экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ВИЧти мамлекеттик медициналык мекемелерден жуктуруп алган балдарга жогорку окуу жайларда билим берүүнү акысыз кылуу каралууда. Бул тууралуу "Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев Sputnik маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда билдирди.
"Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу учурда медицина тармагындагы мыйзамдар менен иштеп жатат.
"Азыркы тапта биз мыйзамга ВИЧ болгон балдар (ооруну мамлекеттик медициналык мекемелерде жуктурган) жогорку билимди акысыз алууга укуктуу деген норма киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Билим берүү жана илим министрлигинде майыптыгы бар жана алыскы аймактардан келген балдар үчүн акысыз билим алууга квота бар. Биз дагы бир квота кошуу тууралуу ойлонуп жатабыз. Бул көп эмес, жылына 20-30 бала. Анткени алар дароо эле чоңоюп кетпейт", — деди Султангазиев.
Ал Министрлер кабинети жана жетекчилик бул демилгени колдойт деген ишенимин билдирген.
Султангазиев 400дөй бала ВИЧти медициналык жайлардан жуктурганын да айткан.