Пресс-борбор

ВИЧке кабылган балдардын жөлөк пулу эки эсеге көбөйөт

Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директорунун айтымында, 400гө жакын бала медициналык жайлардан ВИЧке кабылган. Буга байланыштуу мамлекеттин моралдык жоопкерчилиги бар.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 1-январдан тарта Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен ВИЧке кабылган балдардын жөлөк пулу эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси, "ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкө аралык тармагы" коомдук фондунун директору Бактыгүл Исраилова билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек столго катышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси, "ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкө аралык тармагы" коомдук фондунун директору Бактыгүл Исраилова
"Буга чейин 18 жашка чейинки балдар жөлөк пул катары төрт миң сом алып келсе, президенттин жарлыгы менен 1-октябрдан тарта ВИЧке кабылган балдар алты миңден алып жатат. Ал эми 1-январдан баштап 8 миң сомдон бериле баштайт", — деди Исраилова.
Ал ошондой эле Кыргызстанда ВИЧке кабылган 562 бала бар экенин жана алардын 526сы атайын терапияда экенин белгиледи.
Өкмөт багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулатты
"Партнерская сеть" ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиевдин айтымында, 400дөй бала ВИЧти медициналык жайлардан жуктурган.
Тегерек столдун катышуучулары 2022-жылдын март айынан тарта "Кыргызстандагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирерин эскертишти. Март айынан тарта мамлекеттик ооруканалардан илдет жуктургандарга бир жолу төлөнчү компенсация берилет (100 000 сом).