Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту

Мамлекет башчы митинг маселелерди толук чечүүгө жардам бербей турганын жана мындан ары жерди өз билемдик менен басып алуу болбостугун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ишке келе жатып Ак үйдүн алдына нааразылыкка чыккан "Жер ынтымак” конушунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
Президент Садыр Жапаров ишке келе жатып Ак үйдүн алдына нааразылыкка чыккан "Жаңы ынтымак” конушунун тургундары менен жолукту
2 / 5
Чогулгандар президентке өз жер тилкелерине “кызыл китептерин” 15 жылдан бери ала албай келгенин, анткени конуш орун алган жер расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин айтып беришкен
3 / 5
Аталган конуш түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанында орун алган
4 / 5
“Жер ынтымак” конушунун тургундары бийликтегилерден документтерди каттап берүү маселесин болушунча тез чечип берүүнү өтүнүшкөн
5 / 5
Жапаров чогулгандардын кайрылуусун угуп, анын тапшырмасы менен тийиштүү адистер жерине барып кырдаал боюнча маалымат беришерин, маселе изилденген соң тийиштүү чечим кабыл алынарын айткан
Чогулгандар президентке өз жер тилкелерине “кызыл китебин” 15 жылдан бери ала албай келгенин, анткени конуш орун алган жер расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин айтып беришкен.
Аталган конуш түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанында орун алган.
"Алардын айтымында, аталган конушта 1300 үй бар, жалпысынан 5-10 миң киши жашап, алардын баарынын каттоосу жок. Мындан улам алар зарыл справкаларды алып жана мамлекеттик социалдык кызматтарды колдонуу үчүн бийликтегилерден турак-жайларын мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүштү", — деп айтылат маалыматта.
“Жер ынтымак” конушунун тургундары бийликтегилерден документтерди каттап берүү маселесин болушунча тез чечип берүүнү өтүнүшкөн.
Бишкек жана Ош шаарында жерлерди мыйзамдаштыруу: мыйзам долбоору иштелип чыкты
Жапаров чогулгандардын кайрылуусун угуп, анын тапшырмасы менен тийиштүү адистер жерине барып кырдаал боюнча маалымат беришерин, маселе изилденген соң тийиштүү чечим кабыл алынарын айткан. Бул маселелердин баарын чечүүгө убакыт керектигин белгилеген.
Мамлекет башчы митинг бул сыяктуу маселелерди чечүүнү тездетүүгө же толук чечүүгө жардам бербей турганына чогулгандардын көңүлүн буруп жана жерлерди басып алуу темасына токтолгон.
Президент Садыр Жапаров
"Баарына айтып коёюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митинг кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт – муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз", — деген Жапаров.
Жакында эле Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугуп, алар жашап турган жердин мыйзамдуулугу боюнча маселе оң жагына чечилерин айткан.