Россия Афганистандан өз жарандары менен кошо кыргызстандыктарды ала чыгат

Аба кемелери афган элине 108 тонна гуманитардык жардам жеткирген. Эсептей келгенде ар бир Ил-76 отуз алты тонна жүк менен конгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн Ил-76 үлгүсүндөгү үч учагы РФтин, ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн, Украинанын 380 жаранын жана афгандыктардын өзүн алып чыгуу үчүн Кабулга конду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Аба кемелери афган элине 108 тонна гуманитардык жардам жеткирген. Эсептей келгенде ар бир Ил-76 отуз алты тонна жүк менен конду.
"Учурда өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандарды учакка салып жатышат. Элди эвакуациялоону коргоо министрине Россия президенти Владимир Путин тапшырган", — деп жазды басылма.
Кабулда кыргызстандыктарды куткарган дипломат Нурлан: тил билгенимен аман калдык
Ил-76 үлгүсүндөгү үч аба кемеси Подмосковьедеги Чкалов аскердик аба аэродромунан көтөрүлгөн. Алардын ар биринин ичине медициналык жабдуу орнотулуп, бортто дарыгер-медайымдардан турган бригада иштейт. Учакта зарыл болгон төшөктөр, суу жана тамак-аш бар.
Август айында россиялык аскерлер Россия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 400 жаранын алып чыккан.