Бир суткада 62 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду

Өлкөдө эмдөө иштери улантылып жатат. Кечээтен бери 11 миңден ашык адам коронавируска каршы вакцина сайдырган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 62 кишиден коронавирус аныкталып, 92 адам сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Кыргызстанда 15 жаштан ашкан өспүрүмдөр коронавируска каршы эмделе баштайт
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 2 715 бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда стационарда 560, ал эми амбулатордук шартта 661 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 11 446 адам өткөн. Анын ичинен 5 613 киши биринчи дозасын, 5 833 адам экинчи компонентин сайдырган.