Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук катчыларынын жыйынына Иманкулов катышты

Жыйындагы талкууланган маселелердин бири — Аймактык коопсуздук, КМШга мүчө мамлекеттердин миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов жана Николай Патрушев эки кеңештин аппараттарынын ортосундагы 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол койду. Бул Москва шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчыларынын IX жолугушуусунун алкагында болду.
Президенттин маалымат кызматы аталган жолугушууга Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов катышканын билдирди.
"Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык коопсуздук жаатындагы бир катар маселелер, анын ичинде Афганистан аймагынан келип жаткан биотехнологиянын, анын ичинде синтетикалык биологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жаралган коркунучтар талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык маселеси боюнча сөз болду", — деп айтылган маалыматта.
Катчылар улуттук жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча пикирлерин билдирген.