БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 30-чакырымында катталган жол кырсыгынан "Түндүк электр" ишканасынын автоунаасындагы үч адам каза болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ саат болжол менен саат 18:00дө Канттын тушунда Toyota Ipsum менен "Түндүк электр" ишканасынын УАЗ үлгүсүндөгү унаасы кагышкан.
"Кырсыктан "Түндүк электр" ишканасынын автоунаасынын айдоочусу (аты-жөнү тактала элек), К.А аттуу 57 жаштагы жана А.К. аттуу эки жүргүнчү көз жумган. Мындан тышкары, эки автоунаадагы төрт жүргүнчү жабыркап, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат билдирмеде.
Чүй ОИИБдин алдын ала маалыматтары боюнча, Toyota Ipsum автоунаасынын 41 жаштагы айдоочусу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, автоунааны башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында УАЗ үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, машина аласалып күйүп кеткен.
ӨКМ кырсыктан алты киши жабыркаганын билдирди.