Жолдо сак болгула! Чүй ЖКККББ айдоочуларга эскертүү берди

Жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн унаа ээлерине ылдамдык режимин сактап, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу зарылдыгы эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Аба ырайы өзгөрүп жатканына байланыштуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.
Тогуз айда жол кырсыгынан 600гө чукул киши набыт болгон. Министр тапшырма берди
Ошондой эле инспекторлор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, кырсыктарды алдын алуунун аракетин көрүүдө.
Чүй облусу боюнча ЖКККББ айдоочуларга жолдо этият болуп, ылдамдык режимин сактап, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертти.