Бишкекте троллейбус менен автобустар саат 22:00гө чейин иштеп жатат

Шаардын жашоочулары коомдук транспорттун иши боюнча атайын Call-борборлорго чалып же WhatsApp номерлерге жаза алат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. – Sputnik. Бишкекте автобус менен троллейбустар кечки саат 22:00гө чейин иштеп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Саат 11:00гө карата линияда 120 троллейбус жана 73 автобус эл ташууда. Ал эми кызматтагы маршруткалардын саны – 1096.
Мэрия коомдук транспорттун графиги мурдагыдай эле экенин белгиледи.
Муниципалитет буга чейин коомдук транспорттун иши боюнча кайрылуу үчүн байланыш номерлерди жарыялап, 1850, 1840 сall-борборлору иштеп жатканын дагы эскерткен.
WhatsApp-номерлер: