Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды

Жыйын 18-19-ноябрга чейин созулат. Акылбек Жапаров үч өлкөнүн премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына (Армения) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 2
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына (Армения) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапар менен барды
2 / 2
Жапаровду Армениянын вице-премьери Мгер Григорян, тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу Бабкен Седракян тосуп алды
Жапаровду Армениянын вице-премьери Мгер Григорян, тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу Бабкен Седракян тосуп алды.
ЖАМК делегациясы Россиядагы түзөтүү мекемелеринде болуп, форумга катышат
Белгилей кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны 18-19-ноябрда Ереван шаарында өтөт. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБге караштуу байкоочу өлкөлөр Өзбекстан менен Кубанын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.
Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.