Адабий бирикмелер жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизет. Мындай пикирин Нурбек Маамытбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы Улуттук жазуучулар союзу дагы алгач адабий ийрим болуп түзүлгөн.
"Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз аттан чаң чыкпайт" деген сөз бар. Анын сыңары жамааттык бирикмелердин жаштардын чыгармачылыгын өстүрүүдөгү таасири чоң. Анткени жалгыз адам чыгармачылык боюнча бир маалыматты укса, башкасын укпай калышы ыктымал. Ал эми адабий ийрим, бирикме же клубдарга чогулуп, чыгармачылык боюнча көбүрөөк кабардар болууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгынын багытын, башкалардыкын анализдеп тура алат. Учурда адабий чөйрөдөгү жаштардын башын бириктирген Бишкекте "Нурборбор", Ошто "Жигер" деген бирикмелер бар. Булардын мүчөлөрү өлкө боюнча адабий талкууларды, чыгармачылык кечелерди уюштуруп келет. Аталган клубдардан көптөгөн чыгармачыл инсандар тапталып, бир топтору элге таанылып калды", — деди Маамытбаев.
Ал "Нурборбордун" алдындагы "Жаңы толкун" клубунун эшиги жаш калемгерлер үчүн ар дайым ачык экенин кошумчалады.