Таласта катуу шамал болуп, эки бак адамды басып калды

Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматына караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Талас облусунда катуу шамалдын кесепетинен бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
1 / 3
Талас облусунда катуу шамалдын кесепетинен бир адам каза тапты
2 / 3
Шамал саат 14:30да башталган. Ал төрт мектептин металлдан жасалган чатырын учуруп кеткен.
3 / 3
Окуя болгон жерде жарандык коргонуу комиссиясы менен Манас районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси иш алып барып жатат.

"Катуу шамалдан улам 46 жаштагы Т. З. А. аттуу кишинин үстүнө эки бак кулап, киши мүрт кеткен", — деп айтылат маалыматта.