Студент окуу жайдан алып жаткан билими заманбап болушун талап кылууга укуктуу. Тактап айтканда, ээ болуп чыккан кесиби боюнча жумушка орношкондо теориялык билими тажрыйба менен дал келиши керек. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жайда контракттын негизинде же бюджеттик системада билим алып жаткан студенттердин укук, милдеттеринде айырма жок.
"Биринчи эле кезекте студент окуу жайдан сапаттуу билим талап кылууга укуктуу. Ошондой эле ЖОЖго кабыл алынып жатканда түзүлгөн келишимди кылдаттык менен окуп чыгышы керек, аны жоготпой сактап алганы туура. Өзгөчө контракттык негизде билим алган студенттер үчүн бул өтө маанилүү. Анткени келишимде көрсөтүлбөй туруп окуу жай контракттын суммасын жогорулатууну чечсе студент андан баш тарта алат. Эгер келишимде (форс-мажор абалы жаралса) же (инфляцияга байланыштуу окуу жай бир тараптуу макулдук менен көтөрө алат) деп жазылып калса, анда профсоюздарга кайрылган оң. Мындай учурда сүйлөшүүлөрдүн негизинде сумманы азайтууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми эң жакшысы келишим түзүлүп жаткан кезде бул пунктуларга көңүл буруп, макул эместигиңизди билдирсеңиз, окуу жай мындай эрежелерин алып салууга милдеттүү болот", — деди Карачалов.
Ал студенттер билим сапатына терс таасирин тийгизген шартты жакшы жакка өзгөрүшүн талап кыла аларын кошумчалады.