Пресс-борбор

SputnikPro. Спикерлер YouTube каналын алып баруу боюнча мастер-класс өтөт

Мастер-класста спикерлер YouTube-канал ачуу, аны жайылтуу жана аудиторияны кеңейтүү жөнүндө маалымат берет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу 19-ноябрь күнү саат 13:00дө SputnikPro долбоорунун алкагында ЖМК жетекчилери, SMM-адистер жана журналисттерге жаңы форматтагы мастер-класс өткөрөт.

Мастер-класс эмне тууралуу?

Мастер-класста спикерлер YouTube-канал ачуу, аны жайылтуу жана аудиторияны кеңейтүү жөнүндө маалымат берет.
Ошондой эле YouTube каналын көп эмгек жумшабай кантип кызыктуу кылуу, видео тизип жатканда кандай мультимедиалык өзгөчөлүктөрдү колдонуу, көрүүчүлөрдү кантип кызыктыруу керектиги тууралуу айтылат.

Тажрыйбасы менен бөлүшө турчу спикерлер

Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборлор дирекциясынын дизайн жана видео чыгаруу бөлүмүн жетекчиси Мария Крузе
Мария Крузе эмгек жолун "Биринчи каналда" баштап, кийин Sputnik радиосунда эмгектенген. 2017-жылдан бери Sputnik агенттигинин атайын долбоорлору менен иштеп келет. Учурда Sputnik агенттигинин мультимедиалык борборлор дирекциясынын дизайн жана видео чыгаруу бөлүмүн жетектейт. Аталган бөлүм ыкчам графика, видеоинфографика жана башка Sputnik агенттигинин сайт жана социалдык тармактарындагы мультимедиалык контентин карайт.
Sputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев
Эрнис Алымбаев: "YouTube — ТВ эмес. YouTube — видеоконтент үчүн даяр платформа
Алымбаев журналистика тармагында 1998-жылдан бери иштейт. Кийин ата мекендик телеканалдарда кабарчы, режиссер, продюсер болуп эмгектенген. 2014-жылдан бери Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери. Бул жылдар аралыгында агенттикте бильд-редактор, шеф-редактор жана креативдүү продюсер болду.
SputnikPro долбоорунун буга чейинки чыгарылыштары эпидкырдаалга байланыштуу онлайн өтүп келсе, эми офлайн-форматка кайтты.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны өткөрүүдө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактайт.
ЭСКЕРТҮҮ! Эпидемиологиялык абалга байланыштуу катышуучулардын саны чектелүү.
Иш-чарага катышуу үчүн (0312) 98-69-38, (0312) 98-69-33, (0708) 17-54-10 телефондоруна чалып же n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине жазса болот.
Москва: Sputnik радиосунда КМШ журналисттери билимин тереңдетүүдө. Сүрөттөр
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.
Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Беларустун, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.