Бишкекте эки мектепти оңдоодо мамлекетке 5 млн. сомдон ашык зыян келген

Мектептеги класста дезинфекциялоо иштери. Архив
Башкы көзөмөл органдын билдиришинче, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы мектепти арзаныраак ремонт кылып берем деген ишкананын сунушун четке каккан жана иштин көлөмүн атайылап көбөйткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте бир нече мектептин курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 2017-жылы №46 орто мектептин ондоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 миллион 268 миң сом сунуштаган "Д." ААКтын филиалын тапкан. Ал эми 4 миллион 659 миң сомго ремонт кылгысы келген "М.К.Дж" ЖЧКнын сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган. Натыйжада мамлекетке 609 миң сом зыян келген", — деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары, мектеп боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары "Д." ААКтын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 миллион 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.
Открытие фармацевтического завода компании Эвалар в Бийске
Башкы прокурор: министрлик 179 миллион сомго кереги жок вакциналарды алган
"Ошондой эле 2017-2018-жылдары "И.Т." ЖЧК менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкектеги №10 орто мектепте 31 миллион 346 миң сомго капиталдык ондоо иштери жүргүзүлүп, атайылап көбөйтүлгөн иштер үчүн 2 миллион 214 миң сом кошулган. Башкача айтканда, борбор калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде ремонт кылууда мамлекетке 5 миллион 830 миң сом зыян келтирилген", — деп жазылган маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 329-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен катталган. Тергөө иштери жүрүүдө.