Өкмөт: салык төлөөдөн качуу мамлекеттик чыккынчылыкка барабар

Арзыбек Кожошевдин айтымында, эми өкмөттүн иши беш принципке таянат. Ал ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүү программасында жыл сайын 500 миллион сом караларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын бийлигинин иши кандай принциптердин негизинде жасалып жатканын айтып берди.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандын бийлигинин иши кандай принциптердин негизинде жасалып жатканын айтып берди
2 / 3
Кожошев белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат
3 / 3
Премьер-министрдин биринчи орун басары Баткен облусун өнүктүрүү программасында ар кандай социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында жыл сайын 500 миллион сом караларын убадалады.
Кожошев белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
"Өкмөттүн иши беш принципке таянат: элдин биримдиги, аймактык кол тийбестик, үй-бүлөлүк баалуулук, салыктан качуу мамлекеттик чыккынчылыкка барабар, тышкы жана ички инвесторлор корголот жана колдоо көрсөтүлөт", - деди ал.
Премьер-министрдин биринчи орун басары Баткен облусун өнүктүрүү программасында ар кандай социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында жыл сайын 500 миллион сом караларын убадалады.