Өкмөттө абанын булганышына каршы күрөшө турган өзгөчө комиссия түзүлдү

Комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинде абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча өзгөчө комиссия түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтеп, элдин ден соолугун сактоо жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча аракет көрө турган ведомстволор аралык комиссия министрлер кабинетинин токтому менен түзүлгөн. Жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 15-ноябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында борбордогу ыш жөнүндө маселе көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүүнү тапшырган.
"Министрлер кабинети кыска мөөнөттө бул көйгөйдү чечүү жана мурдагы өкмөттөрдүн натыйжасыз иш-аракетинин кесепетин четтетүү татаал экендигин түшүнөт. Президент Садыр Жапаров тарабынан бул маселени жакынкы 3-4 жылдын ичинде чечүү тапшырмалары берилген. Бул өзгөчө комиссияга бүгүнкү күндө абанын булганышын азайтууда зарыл болгон башка чараларды көрүү үчүн атайын ыйгарым укуктар берилгендиги маанилүү", — деди Жапаров.
Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген.