Өкмөт багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулатты

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алчу балдардын саны болжол менен 60 миңге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Тийиштүү чечимге өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бул чечим президенттин "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда министрлер кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген.
"Ата-энесинин биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат. Мындай жөлөк пул алган баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан да, энесинен да айрылган учурда 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат", — деп белгиленет билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн Социалдык фонд органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондугу боюнча 58,8 миң адам, ал эми экөөнөн тең айрылган 500 адам бар.