АФК президенти менен кыргыз футболун өнүктүрүү талкууланды

Эки жетекчи алдыдагы долбоорлорду талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегине токтолушту. Жолугушуу АФК президентинин мекенинде өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кечээ, 16-ноябрда, Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Сыдыков Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттары жана пландары менен бөлүшкөн. Тараптар учурда футбол Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө да, бүткүл Азия континентинде өнүгүүсү үчүн алакаларды түзүү боюнча иштөө маанилүү экенин белгилешти.
Тараптар ошондой эле келечектеги долбоорлорду талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегине токтолушту.