Радио

Темкеева: кекечтенүү корккондон улам пайда болот

Логопед-дефектолог Асел Темкеева көп учурда балдар коркуп калгандан кийин кекечтенип каларын айтты.
Sputnik
Кекечтенүү — сүйлөөнүн бузулушу. Мында сөздүн иреттик ритми бузулуп, аргасыздан токтоп, тыбыш, үн, муундарды кайталап бөлүп айтат. Кекечтенүү сүйлөө булчуңунун калтырашынан, ага кошулган башка булчуңдардын дайыма титирешинен (бут, кол) пайда болот. Бул тууралуу Асел Темкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энеси узакка алыс жакка кетип куса болгон бала да кекечтенип калышы ыктымал.
"Бизге учурда кекечтенген балдар көп түшүп жатат. Баланын тилинин өнүгүшүнө же бузулушуна үй-бүлөдөгү атмосфера таасир этет. Мисалы, уруш-талаш, ызы-чуу көп болгон үйдүн баласы кекечтенип калышы мүмкүн. Бул учурда психологиялык абал бузулуп, бала туура эмес дем алгандыктан бир сөздү кайра-кайра айтып баштайт. Негизи балдар көп учурда коркуп калгандан кийин кекечтенип калышат. Мисалы, "ит каап, аттан жыгылып түшүп анан ушинтип калды" деген ата-энелер көп. Ошондой кээ бир балдар "с", "ш", "р" тамгаларына тили келбей жатканда шылдыңдашса, ошол тамганы айтарда туура эмес айтып алуудан кооптонуп, такалып, кекечтениши мүмкүн. Кекечтенүү — бул оор диагноз. Мында балдарды невропатологго көрсөтүп, андан соң логопед-дефектологго алып баруу керек. Кекеч балага биринчи кезекте үйдө тынч, туруктуу атмосфера зарыл. Аны менен шашпай, жай баарлашуу талапка ылайык. Бул балдарга мектепте да мугалим маани берип, тапшырма сурарда (өзгөчө доскага чыгарарда) кылдат мамиле кылышы зарыл. Кекеч балага куушмак, жашынмак ойноого болбойт. Ошондой эле аны өз убагында уктатып, телефон, телевизордон алыстатып, дарыгер айткан режимди сактап, бала менен машыгуу керек", — деди Темкеева.
Адис кекечтенүүдөн психотерапия, физиотерапия, көнүгүүлөрдү жасоо менен арылса болорун кошумчалады.