Кара-Суудагы жол кырсык: көз жумгандардын арасында кош бойлуу аял болгон

Жабыркагандардын алтоо эркек, алтоо аял жана төртөө балдар экени айтылды Эң кичинекейи бир жаштагы ымыркай.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош кан жолундагы жүрөк үшүн алган кырсыктан көз жумган жети адамдын ичинде 20-25 жаштагы кош бойлуу келин болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 16-ноябрда, трассанын 661-чакырымында жол кырсыгы катталып, КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia сүзүшкөн. Каргашада жети адам каза таап, 16 адам жабыркаган.
"Жабыркагандардын алтоо эркек, алтоо аял жана төртөө балдар. Эң кичинекейи бир жашта. Ал эми каза болгон жети адамдын экөө эркек, бешөө аял. Алардын арасында 20-25 жаштагы кош бойлуу келин болгон", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркаган төрт бала Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки баланын абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышат. Ал эми Ош шаардык жана облустук ооруканасына жаткырылган 12 адамдын ичинен жетөөнүн абалы оор экени кошумчаланды.